География:КАЙЫҢДЫБУЛАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫҢДЫБУЛАК – Каракулжа р-нундагы суу. Алайкуу кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. 36 км, алабынын аянты 240 км2. Тардын Жогорку агымы Алайкууга сол жактан куят. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3100 м. Суу куралуу облусуна кирет. Башталышы Кыздар деп аталат. Өрөөнү карагай токойлуу. К-ка оң жактан 6 суу куят. Жылдык орт. чыгымы 1,33 м3/сек, эң чоң чыгымы июнь – июлда, эң азы мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кугай кыштоосу ж-а Кайыңталаа кыш. жайгашкан.