География:КАДОО ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДОО ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Карүңкүр ж-а Карабулак, Актерек сууларынын (Көгарттын оң куймалары) аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка карай 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 1900–2000 м, эң бийик жери 2173 м. Кыры тайпак, капталдары жантайыңкы, кокту-колоттор, капчыгайлар да кездешет. Негизинен бор мезгилинин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, гравелит, алевролит, чопо ж-а акиташ тектеринен турат. Ландшафты негизинен кургакчыл келип, мисте бадалдуу кургак талаа ж-а талаа алкактары басымдуу. Кайрак эгин айдоодо, чабынды, жайыт катары пайдаланылат.