География:ЖЫЛАНДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАНДЫ – Өзгөн р-нундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы Кумбел тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 23 км, алабынын аянты 140 км2, алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1600 м. 4 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 1,10 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка кеңири пайдаланылгандыктан суусу Жазыга жетпейт. Жээгинде Жыланды кыш. жайгашкан.