География:ЖООЖАТТЫ ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖООЖАТТЫ ТООСУ – Алай кырка тоосунун түн. тармактарынын бири. Исфайрамсай ж-а Абшырсай сууларынын аралыгында дого сымал кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 9 км. Орт. бийикт. 3000–3300 м, эң бийик жери 4048 м. Жону тайпак, түш. ж-а батыш капталдары тик ж-а кыска. Түн. ж-а чыгыш беттери жантайыңкы. Төмөнкү карбондун метаморфизмделген кумдук, сланец, мрамор ж-а мраморлуу акиташ тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Талаа (1900–2100 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (арча, бадал өсүмдүктөрү; 2800– 3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а күнгөйүндө бетегелүү талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.