География:ЖААКТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖААКТАШ, Та р а г а й – Жетөгүз р-нундагы суу, Чоң Нарындын оң курамы. Уз. 36 км, алабынын аянты 1173 км2. Кумтөр суусу м-н Арабел суусунун кошулушунан пайда болот. Кумтөр Петров мөңгүсүнөн башталат. Жогорку бөлүгүндө Жетимбел ж-а Акшыйрак кырка тоолорун бөлүп турган капчыгай аркылуу, андан чы кка нда бай ырк ы м ореналуу түзд үк м-н түш.-батышка карай агат. Түздүккө чыкканда жай агып, салааларга бөлүнөт. Т өмөнкү агымында бир нук м-н агып, босоголорду пайда кылат. Мөңгү, кар ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 11,3 м3/сек. Июлда кирип, сентябрда тартыла баштайт.