География:ДОЛОН АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОН АШУУСУ Ички Теңиртоодо. Байдулу ж-а Соңкөл тоолорунун кесилишинде. Сарыбулак ж-а Кичи-Каракужур сууларынын алабын бөлүп турат. Бийикт. 3030 м. Д. а. антропогендеги тектон. кыймылдын тездешинен жогору көтөрүлгөн. Айланасындагы чокулар ашуудан 200— 300 м көтөрүңкү. Ашуудан өткөн жолдун рельефи анча татаал эмес. Сарыбулактын өрөөнү жак капталы жантайыңкы, КичиКаракужур капчыгайына тик түшөт. Тоолор негизинен ортоңку ж-а үстүнкү девондун кызыл түстүү кум, шагыл, сланец, акиташ теги ж-а үстүнкү карбондун трахит, базальт, дацит-липариттүү порфирит, туф тектеринен турат. Айланасынын табияты кооз. Ашуу аркылуу Бишкек—Торугарт авт. жолу өтөт; анын Нарын облусунун экономикасында мааниси зор.