География:БАРСКОН КОЛТУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАРСКОН КОЛТУГУ — Ысыккөлдүн түш . жээгиндеги булуңча; Барскон кыш-нан 3,5 км аралыкта. Уз . 1 км, туурасы оозунда 0,9 км, тереңдиги 50 мдей. Барскон суусу куят. Батыш жээги жантайыңкы, чыгышы тик; түш . ж-а түш .-батыш жээктеринде кумдуу жазы тилке жатат. Төрүнөн 200 м аралыкта голоценде көлдүн деңгээли көтөрүлгөндө пайда болгон шилендилер кезигет. Булуңчанын таманы чөкмө (кум, алевролит, чополуу илээшкек) тектерден туруп, көл тарапты карай жантаят.