География:БАКТЫБАЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЫБАЙ МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы татаал төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,7 км, аянты 3,0 км2. Аспаранын оң куймасы Бактыбай суусунун төрүндө жайгашкан. Жалпы экспозициясы түндүккө багытталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4310 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3860 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Б. м. чакан өрөөндүн төрүндөгү цирктен башталып, «тилдери» өрөөндүн таманына чейин жетет. «Тилинин» 30 мдейин морена жаап жатат. Мөңгүдөн Бактыбай суусу башталып, Аспарага оң жактан куят.