География:АЧЫКТАШСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫКТАШСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги үч ири мөңгү (Чыгыш, Ортоңку ж-а Батыш). Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталында, Адыртөр суусунун алабында жайгашкан. Ч ы г ы ш ы н д а г ы м ө ң г ү н ү н уз. 7,3 км, аянты 9,1 км2; башы деңиз деңг. 5580 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 3980 м; абляция облусунун аянты 4,0 км2. О р т о ң к у с у н у н уз. 5,4 км2, аянты 5,7 км2, башы деңиз деңг. 5360 м, этеги 3420 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 3920 м, абляция облусунун аянты 2,3 км2. Б а т ы ш ы н д а г ы с ы артылма өрөөн мөңгүлөрүнүн тибине кирет; уз. 4,2 км, аянты 5,6 км2, башы 4800 м, этеги 3580 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүдөн башталган суулар кошулуп, Адыртөргө куят.