География:АКСУУ – АРАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСУУ – АРАШАН – Ысыккөл облусунун Аксуу р-нундагы өсүмдүктөргө бай, карагай, бадалдуу, ысык булак чыккан тоолуу кооз жер. Тескей Алатоонун түн. капталында, Алтынарашан суусунун ортоңку ж-а Алмалынын (Аксуунун куймалары) төмөнкү агымынан орун алган. Райондун борб. Т еплоключенкадан 10– 20 км түштүктө. Басымдуу бийикт. 2500– 2800 м, эң бийик жери 3500 м. Аянты 30– 35 км2. Меридиан багытында созулган__ субсеквенттик типтеги өрөөн; таманы түзөң, тоо капталдары тик (30–40°), төмөн жагында (түндүгүндө) кууш капчыгай бар. Жайы серүүн (июлдун орт. темпрасы 12–15°С), кышы жылуу (январдыкы –5...–10°С). Жылдык жаан-чачыны 500–700 мм. Малга жайлуу. Алмалы айрыгында Аксуу санаторийи, Алтынарашанда эмгекчилер эс алып, дарылануучу үйлөр бар.