География:АКБОГУС АШУУСУ
АКБОГУС АШУУСУ Академик Адышев кырка тоосунун Акбогус (түн.) ж-а Дагдул (түш.-батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Деңиз деңг. 3800 м бийиктикте. Акбогус (түш.-чыгыш) ж-а Буйга (түн.-батыш) өрөөндөрүн байланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмаксуу, жогоркусу Акбогус. Калмаксуу ашуусу тик аскалуу, Акбогус тайпаң жон, кум шагылдуу ж-а байыркы мореналуу. А. ашуусу аркылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке ж-а Гүлчө өрөөндөрү м-н байланыштырган жол өтөт. Чыгыш капталы тик, арча токойлуу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шалбаа ж-а субальп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Июнь — октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2-бөлүгү кыргыз диалектинде ж-а айрым түрк тилдеринде богус, богоз, богос, бугаз формаларында кездешип, тоолордогу өткөөл, булуң, кокту колоттордун кошулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат.