География:АЙРЫТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙРЫТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб. Теңиртоодогу төр-өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш А. м.). Какшаал кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан. Акшыйрак суусунун оң куймасы Кайчынын алабынан орун алган. Б а т ы ш А. мөңгүсүнүн уз. 3,5 км, аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4971 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Чыгыш А. мөңгүсүнүн уз. 3,0 км, аянты 3,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4560 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөңгүлөрдүн куралуу облусу кырка тоонун туу жонунда жатат. Эки мөңгү тең калың этек мореналарга ээ, алар рельефинде таштуу мөңгүнү элестетет. Мөңгүлөрдөн Кайчы суусунун сол куймасы Айрытөр суусу ба шта ла т.