География:АЙРАНСУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРАНСУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Аксуу р-нунда, Аксуу кыш-нан 30 км түштүктө, Аксуу (Жарташ) минералдуу суусунан 3 км түш.батышта, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1956-ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түн.-чыгышка карай созулуп жаткан тектон. жаракадан булак түрүндө агып чыгат. Суу муздак (7°–10°С), тунук, жытсыз, кычкыл даамдуу, көмүр кычкыл газдуу (СО2– 500 мг/л). Аз минералдашкан (0,4–0,6 г/л), составы гидрокарбонат-сульфат-кальциймагнийлүү. Булактын чыгымы 1 л/сек. Микрокомпоненттерден Аксуу минералдуу суусуна караганда молибден эки эсе көп (0,011 мг/л), фтор 0,35 мг/л. Сууну суусун катары ичсе болот.