География:АДЫРТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЫРТӨР МӨҢГҮСҮ – Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6 км, аянты 11,0 км2. Сарыжаз суусунун жогорку сол куймасы Адыртөр суусунун алабында, Мушкетов мөңгүсүнүн түш. тарабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 4,2 км2. А. м-нүн «тили» 1943-ж. өтө чегинип, тыгыз абалда болгон, 1959-ж. ал 540 мге алдыга жылып, Мушкетов мөңгүсү жаткан өрөөнгө чыккан. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Тилинин» учунан фирн облусуна чейинки бети төө карын сымалданып тегиз эмес, жаракалар арбын. Мөңгүдөн агып чыккан суу Адыртөргө сол жактан куят.