География:«АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ» ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ» ЧОКУСУ— Какшаал ж-а Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийикт. 6873 м. Сланец акиташ теги, мрамор ж-а гранит тоо тектеринен турат. Түн. ж-а түн.-чыгыш капталдарында Түш. Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темирсуу мөңгүлөрү жатат. 1943-ж. сентябрда П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-ж. 15-августта Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.