ВЕТТЕРН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ТТЕРН (шведче vatten – cyy) – Швециянын түштүгүндөгү көл. Аянты 1900 км2, узундугу 129 км, тереңдиги 119 мге чейин. Мөңгүнүн жана тектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон ой­дуңда жайгашкан. Жээктери бийик жана аска­луу. Балтика деңизи менен туташат. Кеме жүрөт (Стокгольм–Гётеборг ички суу жолунун бир бө­лүгү). Боюнда Йёнчёпинг, Мутала, Хускварна, Карльсборг шаарлары жайгашкан.