ВЕТЕРИНАРИЯ САНИТАРИЯСЫ
ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ – ветеринариянын малдын ылаңдарын алдын алууну, мал менен кишиге бирдей жугуштуу жана инвазиялуу оорулардан сактоону, ошондой эле малдан алынуучу санитариялык талапка жооп берүүчү продуктуларды, сырьёну жана тоютту өндүрүү жолдорун изилдөөчү бөлүмү. Ал ветеринариялык-санитардык иш чараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу организмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулардын киришинен коргоо максатында сөзсүз аткарылуучу талаптар. Алар ветеринариялык закондор менен чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо боюнча ветеринариялык-санитариялык иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: мал сарайларында, тоют даярдоо жана сактоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биологиялык калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; топуракты жана сууну булгануудан сактоо жана башкалар. Ошондой эле малдан алынган продуктулардын, тоюттун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлардын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиенасын жана багуусун жөнгө салуучу ветеринариялык-санитариялык нормативдерди иштеп чыгат. Ветеринариялык-санитария бир катар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтоология ж. б.) менен тыгыз байланышта. Ветеринариялык санитариялык иш-чаралар 19-кылымда Л. Пастердин ачылыштарынан кийин илимий негизделген, кара. Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө.
Ад.: Поляков А. А. Ветеринарная санитария. М., 1979.