ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ – мал чарбасында, жаныбардан алын­ган прокдуцияны жана сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбар­ларды жана алардан алынган продукцияны экс­порттоодо жана импорттоодо ветеринария-санитариялык норма жана эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санитариялык сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринариялык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге тая­нып норманын чегинен чыккан продукциялар­дын абалын жана сапатын аныктайт. Бул көзө­мөлгө эт жана башка тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринариялык закон талап кылгандай ар бир жаныбар­дан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон жана адамга зыян­дуу продукцияларды жана сырьёну конфискация­лоо, жок кылуу, утилдөө жана зыянсызданды­руу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарба­сында Ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш ка­ражаттарын же өндүрүш объектилерин колдон­боо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют жана суу­ну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу жана мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим ка­был алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсеп­телген зонадан мал продукциясын жана сырьёну ташуу жана колдонуу иш-чараларын иштеп чы­гуу жана көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринария-санитариялык ишканалардын ветеринар адистери жүр­гүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринария-санитариялык эрежелерди бузган та­рапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемиологиялык кызмат менен бирдикте иш жүр­гүзөт. А. Ш. Иргашев.