БУРАЛМА БЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАЛМА БЕТ, г е л и к о и д – ОО’ кыймылсыз октун айланасында турактуу бурчтук ылдамдык менен айлангандагы жана бир эле убакта ошол окту бойлой алга жылуудагы L ийри сызыгы менен сүрөттөлгөн бет (1-сүрөт).

1-сүрөт.
2-сүрөт.


Эгер L ийри сызыгы айлануу огунун тегиздигинде жатса жана z=f(u) теӊдемеси менен аныкталса, анда Буралма беттин радиус-вектору:
r={ucosv, usinv, f(u)+h(v)}, h=const, ал эми анын сызыктуу элементи: ds2=(1+f 2)du2+2hf ' dudv + (u2+h2)dv2 болот. Эгер f=const, башкача айтканда буралма бет түз сызык менен сүрөттөлсө, анда ал г е л и к о и д деп аталат (2-сүрөт). Эгер h=0 болсо, анда буралма бет айлануу бети деп аталат.