БОКИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОКИН Токаш (25.04.1890, Жети-Суу облус, Верный уезди, 6-айыл – 19.09.1918, Алма-Аты) – Жети-Суудагы 1916-жылы казак элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүн уюштургандардын бири. 1891–1906-жылдары Верный шаарындагы гимназиядан билим алган. 1914-жылдарга чейин Верный уездинин сот органдары менен жер которуу башкармалыгында тилмеч болгон. 1914–1916-жылдары Санкт-Петербург шаарында сот палатасында кызмат өтөгөн. Бул мезгилде падыша өкмөтүнө каршы ар кандай саясий уюмдардын программалары менен таанышат. 1916-жылы элине келген Бокин казак калкынын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн Жети-Суу аймагындагы жетекчилеринин бири болгон. 1917-жылы большевиктер менен жакындашып, Жети-Суу облусунда Совет өкмөтүн орнотууга жигердүү катыша баштаган. Ал 1918-жылы 2–13-январда Жети-Суу облустук эмгекчилер депутаттарынын 2-съездине катышат, андан соӊ Жети-Суу согуш-революция к-тинин мүчөлүгүнө шайланат. Саясий күрөштүн курманы болгон.