БЛОНСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛО́НСКИЙ Павел Петрович [14(26).05.1884, Киев –15.02.1941, Москва] – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-педаагогикалык өӊүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теориялык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү ж-дөгү көзк араштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышын жана өнүгүшүн психологиялык ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген.