БИТ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИТ – адамдын, сүт эмүүчүлөрдүн жана кээ бир куштардын кан соргуч митеси. 150дөн ашык түрү белгилүү. Денеси жалпак, уз. 1–5 мм, башы жана көкүрөгү кичине, курсагы чоӊ, 2 көздүү, кээ бири сокур болот. Оозу терини сайып, кан сорууга ыӊгайлашкан. Кишиде кийим бити жана чач бити мителик кылат. Бардык өөрчүү стадиясында (сиркеден башка) кан соруп азыктанат. Сиркесин чачка же кийимдин түгүнө жабыштырып таштайт. Сиркеден личинка чыгып, ал үч жолу түлөп, битке айланат. Кийим бити 2 ай, чач бити 4 жума жашайт. Өөрчүү цикли 15 күнгө созулат. Бит башкелте, кайталанма келте козгогучтарын таратат.