БИСКАЙЯ БУЛУӉУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСКА́ЙЯ БУЛУӉУ Атлантика океанында, Франция менен Испаниянын жээгинде. Аянты 200 миӊ км2. Узундугу 400 км, тереӊдиги 5120 мге чейин. Луара, Гаронна дарыялары куят. Катуу шамал тез-тез болуп турат. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 7 мге чейин). Балык (сардина, анчоус) кармалат, устрица промысели иштейт. Башкы порттору: Бордо (Франция), Сан-Себастьян, Бильбао (Испания).