БИРЖА
БИ́РЖА (лат. bursa – капчык) – 1) дайыма иштеп турган дүӊ соода рыногунун‚ анын ичинде эл аралык сооданын туруктуу жана так сапаттык параметри бар массалык товарларын (товардык Биржа) же сурам жана сунуштун негизинде баалуу кагаздарды‚ алтынды‚ валютаны (фондулук Биржа) же жалданма жумушчуларды (эмгек Биржа) сатып алуу сатуу боюнча системалык операциялардын уюштуруу формасы; 2) сатуучулар жана сатып алуучулар сурам жана сунуштун колдонуудагы мыйзамынын баасы боюнча өз товарын сатууга мүмкүнчүлүк алат. Биржанын максаты – товарга адилет баа коюу. Биржа эки түрдө болот: 1) менчик акционердик коом; 2) жалпы элдик-укуктук мамлекеттик институт. Менчик биржада соода бүтүмдөрүн акционерлер – ошол биржанын мүчөлөрү гана‚ жалпы элдик биржада бүтүмдүн мүчөлөрү‚ ошондой эле мүчө эмес ишкерлер да түзө алышат.