БАЛАСАГУН ТООЛОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛАСАГУН ТООЛОРУ – тарыхый топоним. Махмуд Кашкаринин «Китаб диван лугат аттүрк» сөздүгүндө (11-кылым) кезигет. Баласагун шаарынын (Бурана) географиялык ордуна карата Баласагун тоолору Кыргыз Ала-Тоосу менен салыштырылат. Аталган эмгекте «Кочнар баши» (Кочкор-Башы) менен Баласагундун ортосунда «Замбиарт» деген жер бар экени айтылат. В. В. Бартольд (1887) бул жерди Кыргыз Ала-Тоосундагы Шамшы ашуусуна туура келерин айткан, кара: Баласагун.
С. Өмурзаков.
'