БАЛАПАНДУУ КУШТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛАПАНДУУ КУШТАР (кызыл эт балапандуу куштар) – жөжөлүү куштардан айырмаланып жумурткасында сарысы (азык-заты) аз болгондуктан, эмбриондук өөрчүү мөөнөтү кыска болгон куштар тобу. Балапаны алсыз, булчуңу начар, сокур, денеси жүнсүз же сейрек тыбыт менен капталып, дене температурасы туруксуз болот. Алар көпкө чейин уяда болуп, ата-энелери аларды жылытып, тамак ташып багышат. Буларга калак буттуулар, көгүчкөндөр, күкүктөр, тоту куштар, тоңкулдак сымалдар, таранчылар ж. б. кирет. Айрым куштар, мисалы, үкүлөр, жырткыч куштар, жөжөлүү куштар менен балапандуу куштардын ортосундагы аралык орунду ээлейт. Алардын балапандары жумурткадан чыкканда эле калың тыбыт менен капталган болот, жырткыч куштардын балапандарынын көзү көрөт.