БАЛАНСТЫК ПАЙДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАНСТЫК ПАЙДА – бухгалтердик баланста чагыл­дырылуучу белгилүү мезгил үчүн пайданын жал­пы суммасы. Баланстык пайдага түрдүү продукцияларды, жумуштарды, тейлөөлөрдү ишке ашыруудан жана андан тышкаркы операциялардан (алынган жана телөнгөн айыптардын, үстөктөрдүн ж. б. орто­сундагы айырма, ижарага берилген мүлктөн алы­нуучу ижара төлөмү ж. б. ) түшкөн пайда кирет.