БАЛАНС НАРКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАНС НАРКЫ – бухгалтериялык баланста негизги фонд менен айланма каражаттардын акчалай бааланы­шы. Баланс наркы өндүрүштү пландоо, өндүрүлгөн про­дукцияга кеткен чыгымдын эсебин чыгаруу, амортизациялык фондду пландоо жана ишкана­нын финансы ишинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн колдонулат.