БАКУ ХАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУ ХАНДЫГЫ – азыркы Азербайжандын аймагындагы 1740–1806-жылдардагы мамлекет. Апшерон жарым аралынан орун алган. Борбору – Баку. Аны Иран шахы Надирдин мурдагы жан-жөө­көрү Мирзо Мухамед-хан 1747-жылы негиздеп, 1768-жылга чейин хандык кылган. Чарбасынын не­гизин соода, жер иштетүү, туз жана нефть өндү­рүү түзгөн. 1804–1813-жылдарда орус – перс согушунун жүрүшүндө Баку хандыгы орус аскерлери тарабынан басып алынып (1806), 1813-жылы Гүлистан тынчтыгы боюнча Россия империясынын курамына кирген.