БАКТЕРИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЯЛАР (гр. bactėron–таякча) – клет­касы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голландиялык окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп менен алгач бактерияларды жамгыр суусунда, тиш киринде, топурак­та ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Франция окумуштуусу Л. Пастер бактериялардын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажы­роодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. Бактериялар жөнөкөй түзүлүштө болуп, сыртынан клетка кабыкчасы менен капталат жана клетка ортосунан экиге бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Ал тоголок (кокктор), таякча сымал (бациллалар, клостридиялар), ийри-буйру (вибриондор, спи­риллдер, спирохеталар) формада болот; диамет­ри 0, 1-10 мкм, узундугу 1–20 мкм, ал эми күкүрт бактериялардын узундугу 5–100 мкм го жетет. Көбү шапалакча­ларынын жардамы менен кыймылдайт. Алар ар түрдүү физиологиялык, биохимиялык касиеттерге ээ. Кээ бир түрлөрү ыңгайсыз шартта туруктуу спора пайда кылат. Кычкылтеги бар (аэробдор), ошондой эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Органикалык заттар (гетеротрофтор) же органикалык эмес заттар­дан органикалык заттарды түзүп (автотрофтор) азыкта­нышат. Космополиттер, бардык материкте жа­шайт; топуракта, сууда, абада кеңири тараган. Алардын саны жана түрдүк курамы экологиялык шартка жараша болот. Заттардын табиятта айла­нышында бактериялардын мааниси зор. Өсүмдүк жана жа­ныбарлардын калдыктарын толук минералдаш­тырып, тирүү клетканын курамына кирүүчү бардык химиялык элементтердин айланышына катышат. Көпчүлүгү - киши, мал жана өсүмдүктөрдүн оору, ылаң жана илдет козгогучтары. Бактериялар тамак-аш, микробиологиялык, химия ж. б. өнөр жай тармак­тарында колдонулат.

Бактериялар: 1 – Эль-Тор вибриону; 2 – дизентерия таякчасы; 3 – стафилококк; 4 – менингококк; 5 – пневмококк; 6 – стрептококк; 7 – кептөөр таякчасы; 8 – ботулизм таякчасы; 9 – туберкулёз таякчасы.