БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ
БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүккө керек микроорганизмдери бар заттар. Ал топурактагы биохимиялык процессти күчөтүп, өсүмдүктүн азыктануусун жакшыртат. Микроорганизмдер өсүмдүктү көп илдеттен сактайт. Өсүмдүктүн азот, фосфор ж. б. микроэлементтер менен камсыз болушу жакшырат. Бактерия жер семирткичинен нитрагин, азот бактерини жана фосфор бактерини көп пайдаланылат. Нитрагин чанактуу өсүмдүктөргө чачылат. Ал чанактуу өсүмдүктөрдүн тамыр бактериясынан даярдалып, органикалык заты көп чөйрөдө көбөйтүлөт. Бир г нитрагинде 70–300 млн тамыр бактериясы болот. Люпин, соя, сераделла, жер жаңгак ж. б. өсүмдүктөргө үрөнү менен бирге, алдын ала сууга аралаштырып чаңдатуу, бүркүү менен колдонулат. Азотбактерин – азотбактерден даярдалган жер семирткич; органикалык заты көп түрдүү топуракта тез өөрчүйт. Стандарт боюнча 1 г азотбактеринде 50 млндон ашык азотбактер клеткасы болот. Ал өсүмдүктүн козу карын илдетинен жабыркашын азайтат. Минерал, азот жана органикалык жер семирткичин толук алмаштырбайт. Фосфорбактерин –курамында микроорганизм споралары (1 г да 8–16 млрд) бар боз түстөгү күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой сиңирүүчү түргө айландырат. Органикалык жана минералдык жер семирткич менен бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Бактерия жер семирткичи үрөн менен кошо гектарына 400–500 г себилет.