БАКТЕРИОФАГДАР
БАКТЕРИОФАГДАР, ф а г д а р (бактерия жана гр. рһаgоs – жеп-жуткуч) – бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткаларын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулушту 1-жолу 1898-жылы орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Бактериофаг» терминин Канада бактериологу Ф. Д. Эрелль киргизген (1917). Бактериофаг таякча түрүндө болуп, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча менен, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча менен капталган жана учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул бактериофагдын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорбцияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичегисинде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө жана агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээси микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдарды дарылоо жана алдын алуу, ылаң козгогучтарды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да пайдаланылат. Бактериофаг молекулалык биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын молекулалык механизмин, генетикалык кодду чечмелөөдө пайдаланылат.