БАКТЕКТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКТЕКТЕР – куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн уруусу. Бактектер көгүчкөндөрдөн кичирээк (узундугу 14–30 см), мойнунда кара тагы бар, куйругу узун. Түсү күрөң, аркасы кара көк, боору агыш, куйрук чалгындары көгүш. Алар Европанын борбордук, түштүк бөлүктөрүндө, Иран, Афганстанда кезигет. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү жашайт. Дарактар жана бадалдарга уя салып, эки ак жумуртка тууп, эркек жана ургаачысы басып чыгарат. Бактектер өсүмдүк уругу, мөмөсү, даны менен азыктанат.