БАКИН Евгений Иванович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БАКИН барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИН Евгений Иванович (1910-жылы туулган) – физиолог, медицина илимдеринин доктору (1949), профессор (1951). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген иш­мери (1961). 1927-жылы Саратов университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1927-1931-жылдарда Жумгал районун­дагы оорукананын башкы врачы, Ленинградда­гы 1-медициналык институттун нормалдуу физиология кафед­расынын аспиранты (1931–1934), ошол эле жерде­ги борбордук рентген-радиология институтунун илимий, улук илимий кызматкери (1934–1953). КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы (1953–1974). Саламаттык сактоонун отличниги (1950). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Структура функции живой системы. Ф.,1971.