БАКЕ МАРМАР КЕНИ
(БАКЕ МРАМОР КЕНИ барагынан багытталды)
БАКЕ МАРМАР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түндүктө, Чүй дарыясынын оң өйүзүндө, Кара-Тоо тоосунун түндүк-батыш капталында. Кен 1928-жылы табылып, 1957-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн. Мрмор катмары таш көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасында түндүк-чыгышка карай созулуп жатат. Калыңдыгы 23–50 м, узундугу 500–800 м. Өңү ак, боз, жол-жол темгилдүү. Майда кристаллдуу, өтө жаракалуу, монолиттердин өлчөмү 0,006–0,01 м3. Жакшы сайкалданат. Мармар күкүм түрүндө колдонулат. Жалпы запасы С1 жана С2 категориялары боюнча 3987 миң м3. Дубалдарды каптоого, белек буюм жасоого жарактуу.