Абд ар-Рашид-хан II

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Абд ар-Рашид-хан II (туулган жылы белгисиз – 1694-жылы өлгөн) – Моголстан (Жаркент) ханы (1680–1682), Султан Саид Баба (1628–1680) хандын уулу, Абд ар-Рахим (1560–1635) хандын небереси. 1680-жылы Аппак кожонун (1626–1693/94) жардамы менен Жуңгар хандыгынын ханы (1671–1697)  Галдан Бошокту алгач Аксу менен Турпанды каратып, андан ары Кашкар, Жаркентти (Йарканд) алгандан кийин бул эки шаарды Абд ар-Рашидге II тапшырган. Бирок Галдан-Бошокту кайтып кеткенде ал актоолук кожолор менен каршылашып, жуңгар ханынын бийлигинен баш таркан. 1682-жылы Галдан-Бошокту Жаркентти кайрадан каратып, бийликти Аппак-кожого берген. Абд ар-Рашид II Султан деген уулу менен Пекинге качкан.