АШЫРКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШЫРКУЛОВ Мисир [08. 01. 1946, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Панфилов району, Эркин-Сай айылы] ‒ генерал-лейтенант (2002). 1969-жылы Ленинграддагы (Санкт-Петербург) так механика жана оптика институтун бүтүргөн. 1963‒1964-жылдары Ленинград заводунун слесары, 1969‒1972-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинде лаборант, электроника боюнча инженер, начальник. 1972‒1976-жылдары Ленинграддагы С. М. Киров атындагы текстиль жана жеӊил өнөр жай институтунун аспирантурасын бүтүп, республикалык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, 1976‒1978-жылдары Фрунзе Политехникалык институтунун окутуучусу, 1978‒1986-жылдары республикалык Жогорку Окуу жайлары (ЖОЖ) аралык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, директордун орун басары,

1986‒1988-жылдары ФПИнин кафедра башчысы, 1988‒1992-жылдары республикалык ЖОЖ аралык эсептөө борборунун директорунун орун басары, 1992‒1997-жылдары Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебинин ректору, президент-ректору, 1996‒2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин 1-орун басары, министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, КРдин Коопсуздук кеӊешинин катчысы болуп иштеген.