АРИСТОВ Николай Александрович
АРИСТОВ Николай Александрович (1847–1908, айрым маалыматтарда 1910) – орус чыгыш таануучусу жана этнографы. 1864-жылы Казан университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 1864–1868-жылдары Тобольск губерниясында административдик кызматтарда иштеген. 1868-жылы Жети-Суу облусунун башкармалыгынын иш алып баруучулугуна дайындалгандан тартып, Н. Аристовдун ишмердиги Түркстан генерал-губернаторлугу менен тыгыз байланышта болгон. 1871-жылы Россия жана Цинь империяларынын ортосундагы Иле кризисине катышып, 1872-жылдын июнь айынан Түркстан генерал-губернаторлугун башкаруу жөнүндө жобону иштеп чыгууда комиссиянын катчысы болуп иштеген. 1873–1874-жылдары Семипалатинск жана Жети-Суу облустарындагы жер талаштарын чечүү үчүн бийлердин съездин башкарган. 1879-жылдан Жети-Суу облустук статистикалык комитетинин төрагасынын жардамчысы, 1881-жылдан Жети-Суу облусунун аскердик губернаторунун жардамчысынын милдетин аткаруучу, 1881–1882-жылдары Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун милдетин аткаруучу, 1881–1889-жылдары Жети-Суу облусунун аскердик губернаторунун жардамчысы жана аймактык өкмөттүн төрагасы. Түркстан чөлкөмү боюнча топтогон бай материалы Н. Аристовго ошол аймакта изилдөө иштерин жүргүзүүгө түрткү берген. 1893-жылы «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар. Батыш Тянь-Шандын калкынын тарыхынын, турмушунун жана анын тарыхый географиясынын очерктери» («Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и его исторической географии») деген эмгегин жарыкка чыгарат. Бул эмгектин биринчи бөлүгүндө биздин замандын 5-кылымына чейинки усундардын тарыхы, алардын Даван жана Каңгүй мамлекеттери менен болгон байланыштары, Теңир-Тоо аймагындагы аларга таандык эстеликтер ж. б. тууралуу тарыхый кабарлар, енисей кыргыздарынын келип чыгышы жана тарыхы жөнүндө маалыматтар берилген. Бул эмгектин «Батыш Тянь-Шань, кыргыздар жана кара кыргыздар» деген бөлүгүндө 6–8-кылымдагы кыргыздар тууралуу тарыхый кабарлар, Батыш Теңир-Тоодогу карлуктардын, кара-кидандардын учурундагы тарыхы, чагатай, калмак, кытай жана Кокон үстөмдүктөрүнүн учурундагы абалы, орус бийлигинин карамагына өткөн доорго чейинки узак тарыхый мезгили баяндалган. Н. Аристовдун 1894–1896-жылдары «Живая старина» журналына жарыяланган «Опыт выяснения этнического состава киргиз казаков Большой орды и каракиргизов на основании родословных сказаний...» деген көлөмдүү иликтөөсү кыргыздардын уруулук түзүлүшү жөнүндө этнографиялык кеңири маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле уламыштарга таянуунун негизинде кыргыздардын этностук курамын көргөзгөн жана келип чыгышын далилдөөгө аракет кылган. Н. Аристов императордук орус география коомунун анык мүчөсү болгон (1893) жана ал коомдун алтын медалы менен сыйланган (1895). Кыргыздардын тарыхын окутууда Н. А. Аристовдун илимий эмгектери азыркы учурга чейин өз маанисин жогото элек.
Эмг.: Опыт выяснения этнического состава киргиз-казаков Большой орды и каракиргизов, на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и о родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований. СПб., 1895; Заметки об этническом составе тюркских племён и народностей и сведения об их численности, СПБ, 1897.
Т.Асанов.