АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош облусунун Алай районунда, Алик-Сөөк суусунун Терек суусуна куйган жеринен 1,5‒2 км жогору, деӊиз деӊгээлинен 3740‒3930 м бийиктикте. 1984‒1987-жылдары геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон жана карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар менен кесилген плита сыяктуу бири-бирине жакын эки акиташ олистомиттери кен ташты камтып турат. Сурьма кен ташы жаспероиддер менен байланышып, узундугу 115 мге чейин, калыӊдыгы 1‒1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки кен таш (руда) тулкусун түзөт. Сурьманын орточо өлчөмү 7,72%. Кен таштын болжолдуу ресурсу 86,1 миӊ т, сурьманыкы ‒ 6600 т.