АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР, о н и х о ф о р а л а р (Protracheata) ‒ омурткасыздар тибинин классы. Териси жумшак, жука келип, курт сымал түспөлдө. Денеси муунактуу, жуп буттары (14‒40) бар. Денесинен анча бөлүнбөгөн баш бөлүгүндө 3 жуп өсүндүсү болот. Биринчи жуп өсүндүсү ‒ узун мурутча. Өтө жай кыймылдаган жырткыч, майда курт-кумурскалар, жөргөмүштөр ж. б. организмдер менен азыктанат, териси жана трахеялары аркылуу дем алат. Денесинин чоӊдугу бир нече ммден 10 смге жетет. Ичегилери өтө жөнөкөй түзүлүштө. Кан айлануу жана нерв системасы муунак буттуулардыкына окшош. Айрым жыныстуу. Көпчүлүк түрлөрү жумуртка, кээси тирүүлөй тууйт. Булар тропик жана субтропик токойлорундо көп. 1 түркүмү, 2 тукуму, 20дан ашык түрү бар.