АКУНОВ Аалыбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУНОВ Аалыбек (10. 03. 1958, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Коч­кор району, Ак-Учук айылы) – саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору (2001), профессор (2002). Ж. Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты (1998). 1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1981–1982-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик архивинде архивчи, 1982-жылы Кыргыз Со­вет энциклопедиясынын (кара: «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы) Башкы редакциясында улук редактор, 1982–1996-жылдары КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, 1996–1999-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университеинин окуу борборунда директор, 1999–2001-жылдары ошол эле жерде Мамлекеттик башкаруу жана социалдык изилдөө институтунун директору, 2001-жылы КМУда декан, 2001–2005-жылдары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Академиясында проректор, 2006–2010-жылдары «Ак-Чий-Боко» айыл чарба кооперативинин төрагасы, 2006–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Социалдык жана гендердик саясат секторунун башчысы, 2010-жылы КУУнун Коомдук жана гуманитардык илимдер институтунда директор, 2010–2011-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улутутк университеинини ректору, 2011-жылдан И. Раззаков атындагы КМТУда профессор, кафедра башчысы. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын саясий тарыхын, мамлекеттик башкаруу жана адам укуктарын изилдөөгө багытталган.