АКВАЛАНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВАЛАНГ (лат. agua – суу, анг. lung – же­ңил) – адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат. 1943‑жылы француз Ж. И. Кус­то менен Э. Ганьян ой­лоп чыгарган. Кысыл­ган абалуу баллондон жана дем алдыргыч ап­параттан турат. Көбүнчө суу астындагы спортто, чөгүп бараткан­дарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, техникалык жумуштарда, балык уулоодо жана башкаларда колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгиз­гендиктен, аны менен 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.

Аквалангдын түзүлүшү: 1– аба толтурулган бал­лон; 2–дем алдыруучу автомат; 3– дем алды­руучу түтүк; 4– дем чы­гаруучу түтүк; 5–томо­го; 6– кур.