«ОРГАНОН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ОРГАНОН» - Аристотелдин логикалык чыгар­масы. Учурунда византиялык окумуштуулар аталган чыгарманы чындыкты таанып-билүүнүн негизги «каражаты», куралы катары карашкан. Ф. Бэкон «Жаны органон» деген чыгармасында (1620) өзүнүн индукциялык логикасын Аристо­телдин дедукциялык логикасына карама-кар­шы койгон.