«ОЛОНХО»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ОЛОНХО» - якут элинин баатырдык эпосу. Сю­жет жана стиль жагынан бири бирине жакын көп жомоктордон куралган. Көлөмү 10-15 миң, кээде андан көп ыр сабынан туруп, ыргактуу проза жана прозалык кыстырмалар менен аралаш айтылат. «О.» элдик айтуучулар (олонхосут) тарабынан аткарылат (Т. В. Захаров-Чээбий, Н. А. Абрамов-Кыпат, Д. М. Говоров). «О.» жо­моктору байыркы заманда пайда болгондуктан, аларда көбүнчө якуттардын патриархалдык­УРУУчулук белгилери, уруулар менен уруктар ара­сындагы мамилелер чагылдырылган. Ар бир

жомок баш каармандын атынан аталган: «Нүр­гүн Боотур», «Кулун Куллустуур» ж. б. Сюжет­тердин негизин айы аймага уругунан чыккан баатырдын жалгыз колдуу же жалгыз буттуу карасанатай жаныбар абаасыга же адьарайга каршы күрөшү, адилеттик менен тынчтыкты кор­гоо түзөт. «О-до» баатырларды сүрөттөөдө фан­тастика менен гипербола арбын пайдаланылып, чыныгы турмуш көрүнүштөрү аралаш берилет. «0.» ыры - аллитерациялык ыр. Ыр өлчөмү эркин, бир саптагы муун саны 6-7ден 18ге че­йин. Стили жана образ системасы алтай, хакас, туба эпосуна жана бурят «Улигерине» жакын. «0.» якут элинде кеңири таралган, калк кадыр­лаган чыгарма болгондуктан, андагы баатыр­лардын (баш каармандардын) ысымдары жал­пы атка айланып кеткен.