«ОГУЗ НАМЭ»
«ОГУЗ НАМЭ» («Угыз намэ») - байыркы түрк элинин ата-теги жана алардын түпкү атасы Огуз хан тууралуу эпикалык уламыш. «0. н.» о. кылымдарда жазылып, түрк, азербайжан, түркмөн, уйгур ж. б. элдердин кол жазма адабияттында сакталып калган. Байыркы варианты (13-14-к.) карлук-уйгурларга таандык. Чыгарма фарсы тарыхчысы Рашид ад-Диндин «Тарыхтар жыйнагы», «Огуздар жана түрктөр, алардын бүт дүйнөгө бийлик кылышы», 17-к-да жашап өткөн Абу-л Газинин «Шежара-и-түрк» («Түрк элдеринин санжырасы») ж. б. эмгектеринде да чагылдырылат. 13-14-к. жазылган «О. н-нин» кол жазмалары Париждеги Улуттук китепканада сакталып, 19- к-да анын немисче котормосунун үзүндүсү жарыяланган. В. В. Радлов да жазып алып, которуп, түшүндүрмө берген. Айрым котормочулар жана окумуштуулар Огуз каган хунндардын падышасы Модэ шанүйдүн өзү деп болжолдошот.
Ад.: Радлов В. В. К вопросу об уйгурах (Приложение к 70 тому Записок)//Известия АН, № 2. СПб., 1883; Бернштам А. Н. Историческая правда в легенде об Огуз-кагане//Советская этнография, 1935, № 6; Рашид ад-Дин. Сборник летописей, Т. 1, книга 1. М.; Л„ 1952; Бартольд В. В. Очерк истории туркменского народа. Соч., Т. II. Ч. I. М., 1963; Фазлаллах Рашид ад-Дин. Огуз-наме. Баку, 1987.