«НИБЕЛУНГДАР ЖӨНҮНДӨ ЫР»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«НИБЕЛУНГДАР ЖӨНҮНДӨ ЫР» - немис элинин баатырдык эпосу. 1200-ж. жазылып, 1757-ж. И. Я. Бодлер китеп кылып жарыяла­ган. 16 ыр циклинен турат. Эпосто хунндар менен бургундцарды («нибелунгдар») ортосундагы со­гуш, хунндардын мамлекетинин талкаланышы (436-ж. чен) жөнүндө тарыхый уламыштар, феода­лизм доорундагы монарх сарайынын жана ры­царлардын турмушу, Зигфрид баатырдын эрдик­тери жана өлүмү, анын аялы Кримхильданын өч алышы чагылдырылган. «Аттила» дастанынын негизинде кыпчак акындары жазган деген бо­жомолдор бар. «Н. ж. ы-дын» мифол. концеп­циясынын негизинде немис композитору Р. Ваг­нер «Нибелунг шакеги» деген опера тетралогия­сын жазган. Эпостун мазмунуна Г. Ибсен ж. б. калемгерлер кайрылган.