«МУЛХАКАТ АС-СУРАХ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«МУЛХАКАТ АС-СУРАХ», «А с - С у р а х э мгегине кошумчалар»- тарыхчыилимпоз Жамал Каршинин араб тилинде жазган эмгеги. «М. а.-С.» лингвистикалык эмгекке кошумча иретинде жазылып, тарыхый биогр. жана тарыхый-адабий негизде иштелген. Бул эмгекте Теңир-Тоодогу Караханиддер доору жана андан кийинки мезгилдин (10-13-к.) тарыхы үчүн бир катар баалуу маалыматтар камтылган. Бул китептеги айрым маалыматтар 11-к-да Теңир-Тоодо жашаган тарыхчы ал-Алмайинин бизге жетпей калган «Кашкар тарыхы» чыгармаларынан алынган. Азыркы мезгилде «М. а.-С-тын» эки кол жазмасы белгилүү (экөө тең Санкт-Петербургда).