«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ
«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ - «Манас» эпосун дүйнө жүзүнө
таанытуу боюнча мамлекеттик программанын (1992-2000) атайын бөлүгү. Салтанат 1995-жылы 26-30-августта Бишкек шаарында жана Талас өрөөнүндө өткөрүлгөн. «М.» э. м. ж. с-н белгилөө жана ага даярдык көрүүүчүн 1992-жылы 26-июнда КР Президентинин сегиз пункттан турган Жарлыгы жарыяланган. 1994-жылы 5-октябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 49-сессиясында «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча төрт пункт кабыл алынган. Ошондой эле ЮНЕСКОнун чечими менен 1995-жыл - «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо жылы деп белгиленген. Салтанатка расмий түрдө президенттер И. Каримов (Өзбекстан), С. Ниязов (Түркмөнстан), Н. Назарбаев (Казакстан), Г. Алиев (Азербайжан), С. Демирель (Түркия), орус өкмөтүнүн вице-премьер министри Ю. Яров ж. б. катышкан. 28-августта Кыргыз улуттук филармониясында КРдин премьер-министри А. Жумагулов төрагалык кылган салтанаттуу жыйын өткөн. 29-августта Талас өрөөнүндө «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекси ачылган жана театралдашкан оюнзоок (сценарийи Б. Жакиевдики, режиссёру Б. Шамшиев) коюлган. Анда КР Президенти А. Акаев, ЮНЕСКОнун Генералдык директору Ф. Майор, Түркия президенти С. Демирель ж. б. сөз сүйлөп, анда «Манас» эпосу кыргыздын кары тарыхы, катаал тагдыры менен кошо поэзиянын кайталангыс тили, көөнө дастаны, кыргыз элинин гана эмес, бүт дүйнөлүк адабияттын туу чокусу, көөнөрбөс мурасы, дастандардын эң залкары экени баса белгиленген. «М.» э. м. ж. с-на арналып, түрктөр менен бирге «...Ошондо мен “Манас!” деп ураан чакырдым» аттуу толук метраждуу документ фильм жана кыргыз, түрк, англис тилинде «Манас» иллюстрациялык альбому чыгарылган (түзгөн Т. Океев).