«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ - «М.» к. о. 1999-жылы уюшулган. 2001-жылдан президенттик статусуна ээ. «М.» к. о-н КРдин эмг. сиң. арт., скрипкачы жана дирижёр Э. Асаналиев менен му­зыка таануучу Р. Сырдыбаева негиздеген. «М.» к. о-нин аркалаган вазийпасы расмий иш-чара­лардын маданий бөлүмүнө катышуу менен катар, классикалык музыканы жайылтуу жана каме­ралык музыканы аткаруу чеберчилигин өнүк­түрүү болуп саналат. Оркестрде КРдин эмг. сиң. артисттери, респ. жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү иш­тешет. Оркестр ата мекендик (СССРдин эл арт. С. Токтакунова, КРдин эл артисттери М. Бега­лиев, Т. Жакшылыков, КРдин эмг. сиң. артист-

тери Н. Нышанов, С. Жумашев, Ч. Төрөбеков ж. б.) жана чет өлкөлүк (А. Тебенихин - Казак­стан, В. Ослунд - Швеция, Ашу - АКШ, Г. Ви­нишхофер - Австрия) композиторлор жана атка­руучулар менен кызматташат. Оркестрдин репер­туарын бароккодон заманбап мезгилге чейин­ки доорлордогу композиторлордун чыгармала­ры түзөт. Көркөм жетекчиси жана дирижёру -

Э. Асаналиев.