«МАНАС АЙЫЛЫ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«МАНАС АЙЫЛЫ» - шаардыктардын жалпы улуттук майрамдарын жана маданий-массалык иш-чараларын өткөрүүгө арналган улуттук этностук-маданий комплекс. Ал 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык салтанатына карата Бишкек ш-на курулган. Комплекстин долбоорунун авторлору: Д. Өмүралиев (жетекчи), О. Байгожоев, Ж. Исаков, М. Отунчиев. Дүйнөлүк бийиктикти символдоштурган - таш боз үй - «Хан ордосу». Тоонун этегиндеги улуу эпос «Манас эн тамгасы» деп аталган улуу эпосту үйрөнүү борбору - Манастын жоокерлеринин образын ча-

гылдырган 45 метрлик мунара, Манастын кубаттуу «Кырк чоросунун« бейнеси жайгашкан. Бул бейнелер комплекстин кайтаруучуларын элестетип турат.